КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Акыркы суткада коронавирустан 10 киши каза болду, 1092 кишиден жаңы аныкталды. Бул сандар былтыркы август айынан берки эң жогорку көрсөткүч.
Вирустан каза болгондордун төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө, экөө Талас менен Жалал-Абад облустарында катталды. Муну менен коронавирустун курмандыктары 1992 кишиге жетти.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада 558 киши сакайды.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 123 038 киши вирус жугузуп алды, анын 109 511и сакайды.
ЖАПАРОВ МЕНЕН РАХМОН ЖОЛУ КТУ
Дүйшөмбүдө бүгүн, 29-июнда кыргыз-тажик президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон көзмө-көз, тар чөйрөдө жолугушуп жатат. Анда Жапаров чек арадагы соңку куралдуу жаңжал эки өлкөнү сынаган окуя болгонун, мындан ары кайталанышына жол берилбеши керектигин айтты.
“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, -деди ал.
“Азаттыктын” тажик кызматы анда Рахмон Кыргызстандын президентин Тажикстанга келгенин кубаттаганын, бирок чек арадагы жаңжал жөнүндө эч нерсе айтпаганын жазды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.
АБАКТАН КАЧКАН АЯЛ КАРМАЛДЫ
Чүйдө колониядан качып, издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Д.Н. аттуу аял Молдовановка айылындагы №26 абактан жазасын өтөп жатып качып кеткенине байланыштуу февраль айынын аягында издөө жарыяланган. 28-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан абактан качкан аял кармалып, Жазаларды аткаруу кызматына өткөрүп берилди.
Мындан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аял уурулукка шектелип жатканы аныкталган. Ал жарандардын ишенимине кирип, ар кандай үй буюмдарын уурдап жүргөнү маалым болгон. Буга байланыштуу сүрөттөгү аялдын кылмыштуу аракетинен жабыркаган жарандарды жакын жердеги ички иштер органдарына кайрылса болот.