• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапыкеев Жумалиевдин кармалышы боюнча үн катты. Бишкекте жасалма паспорт менен чет элдик жаран кармалды

5 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штаб 5-февралда Кыргызстанда коронавирус 88 кишиден аныкталганын маалымдады. Илдеттин эң көп учуру Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды. Акыркы суткада коронавирустан 130 бейтап айыкты — анын ичинде эки медкызматкер бар. Ошондой эле COVID-19дан Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден киши көз жумду. Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 920га жетти. Алардын ичинен 81 440 бейтап айыгып, 1 420 киши көз жумду. Бүгүнкү күндө илдеттен 511 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 33 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 608 адам үй шартында дарыланууда.


ЖАПЫКЕЕВ ЖУМАЛИЕВ ТУУРАЛУУ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди. Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Финансы полициясы экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү улантарын жазды. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалды. Ал тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

ФАРИД НИЯЗОВ КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязовду дагы 2 айга камакта калтырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Мурунку аткаминер №21 түзөтүү абагында 10-апрелге чейин кармалат.


ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Жасалма документ менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылган чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-февралда УКМК тарабынан куралдуу кагылышуу аймактарга адамдарды жөнөтүү каналдарды токтотууга багытталган контртеррористтик иш-чаралар жүргүзүлдү. «У.Х.» аттуу чет элдик жаран жасалма документтерди колдонуу менен Бишкек аэропорту аркылуу учууга аракет кылган. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 1148