Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.
Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, ал 26-августка чейин камакта калтырылды.
Адвокат Рабига Сыдыкованын айтымында, Салянова жаңы курулган №26 тергөө абагына жеткирилет.
Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна ден соолугуна байланыштуу жаткырылган.