Бүгүн, 14-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз алган деп айыпталган журналист Болот Темировдун иши каралды.
Отурумда айыптоочу тараптын күбөлөрү — Ош облусунун Өзгөн районунун паспорт столунун кызматкерлери сурак беришти.
Темировдун айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн азыркы жетекчиси Эрнис Абдрахманов көрсөтмө берди. Каттоо кызматынын кызматкерлери Болот Темировдун паспорту мыйзамдуу берилгенин тастыкташкан.
Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темировдун паспортуна байланыштуу 20-апрелде Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча эки кылмыш иши козголгон.