• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Стамбулдан келген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

23 Чын куран 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Өткөн жумада Түркиянын Стамбул шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Бишкекке 200дөн ашык мекендеш чартердик рейс менен келген. Алар учактан эле тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн.

“Келгендердин баарынан лабораториялык анализ алынган. Арасынан COVID-19 жуктурганы тастыкталгандар дагы чыкты. Алар ооруканада дарыланып жатышат. Калгандарына тыкыр медициналык көзөмөл жүргүзүп, изоляторго кармап, кайра текшерип, жыйынтыгы терс экенин көрсөтсө үй карантинине чыгарабыз”, — деди Үсөнбаев.
Ошондой эле ал жарандар 14 күн карантинге алынарын, анан дагы бир ирет лабораториялык анализ жасаларын кошумчалады. Ошону менен эле чектелбей, дагы 14 күнгө обочолонууга милдеттендирилип, жалпысынан 28 күнгө чейин медиктердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Количество просмотров: 367