• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сурабалдиева Ысык-Ата ооруканасынын медкызматкерлеринин жаматтык кайрылуусуна жооп берди

2 Жетинин айы 2020 14:18 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева 31-октябрда Ысык-Ата аймактык ооруканасынын кызматкерлеринин билдирүүлөрүнөн соң, аталган медициналык мекемеге жумушчу сапарын демилгеледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле жыйынга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун директору Эльнура Боронбаева жана медициналык мекеменин жамааты катышты. Белгилесек, А.Аралбаева иш-чаранын өтүшү тууралуу алдын-ала эскертилсе да анын жүрүшүнө катышкан эмес.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министрге учурда авариялык абалда турган ооруканадагы абал тууралуу маалымат берилди. Кызматкерлердин айтымында, бөлүмдөрдө оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарга квалификациялуу медициналык көмөк көрсөтүү мүмкүн эмес. Башка көмөкчү имараттар да авариялык абалда турат. Аймактык оорукананын жетекчилиги өз кызматтык милдеттерин так аткарбастан, COVID-19 пандемиясы учурунда жогорку адискөй кызматкерлерди кемсинтүү жана иштен алуу менен алек болууда.

Медициналык мекеменин жамаатынын билдирүүсүндө, Ысык-Ата аймактык ооруканасын 13 жылдан бери жетектеп келе жаткан А.Аралбаеванын учурунда имаратта бир да жолу капиталдык ремонт өткөрүлгөн эмес, бөлүмдөрдөгү мезгилдик косметикалык оңдоо иштери медициналык кызматкерлердин жеке каражатынан жүргүзүлүп келген. Аймактык оорукананын кызматкерлеринин айтымында, дары-дармек каражаттары да жеке каражаттарга алынган, ошол эле учурда жыл башынан бери карай Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Ысык-Ата аймактык ооруканасына 15 млн сом бөлүнүп берилген.

Короновируска чалдыккандар үчүн госпиталдын ачылышы менен медиктер ишке алдын-ала текшерүүсүз жана жеке коргонуучу каражатсыз киргизилген, натыйжада, медкызматкерлердин 60% ашууну массалык түрдө ооруну жугузуп алышкан. Оорукана жамаатынын кызматкерлеринин айтымында, оорукана жетекчилиги кызматтык орундарын кыянаттык менен пайдалануу аркылуу пандемия учурунда койко-орундарды сатуу менен алектенип, дары-дармек каражаттарын жана жеке коргонуу каражаттарын берүүдөн баш тарткан.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн аргументтер токтоосуз тийиштүү реакция жасоого түрткү болгон.

«Жамааттын билдирүүлөрү боюнча кызматтык иликтөө өткөрүлүп, алар тастыкталган учурда оорукананын жетекчиси тийиштүү жоопко тартылат. Бардыгы ачык-айкын жана жаңычаа иштеп башташы зарыл», — деди ал.

«Аймактык оорукананын жетекчилигинин иш-аракеттерине юридикалык баа берилет. Башкы дарыгердин жана башка тийиштүү кызматкерлердин кызматтан алынышы күн тартибинде турат, бирок бул алар жоопкерчиликтен качып кутулат дегендикке жатпайт. Иликтөө иштери жүргүзүлөт. Мен маселени көзөмөлдө кармап турам», — деп белгиледи вице-премьер.

Ысык-Ата аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин кызматынын милдетин аткаруучу болуп Азамат Кулалиев дайындалды. Анын талапкерлигин медициналык мекеменин жамааты бир добуштан колдошту.

Количество просмотров: 124