«Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоору кумарканаларды ачууга багытталган. Өкмөт муну менен туризмди жандандырып, казынаны байытууну көздөп жатканын айтып, мыйзам долбоорунун талабына ылайык, казинолорго Кыргызстандын жарандары киргизилбейт деп ишендирип жатат.
Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган. Ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларына дагы чектөө кирген. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы жана кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.