• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сыймык Бейшекеев “Аваз балам бул турмуш экөөбүзсүз да өтөт, өтүп келген эми да өтө берет”…

26 Жалган куран 2019 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV

Ырчы Сыймык Бейшекеев Аваз Акимовго ата катары, 10 жыл тарбия берген адам катары жакшы акыл кеңештерин жана калоо-тилектерин айтты инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Ырчы постуна Аваз менен айдананын тоюнан түшкөн сүрөтүн жүктөп:

«Аваз балам, өздүк жашооңдо өтө маанилүү ары олуттуу, терең ойлонуп кадам таштай турган турмуш деген узак жолго Айдана сулуу менен кол кармашып сапарга чыктың. Баскан кадамдарыңарга гүл чыгып, сапарыңар байсалдуу болсун балам, мен сага бармактайыңан колума келгенден баштап жашоодо жакшы ырчы эмес, эң алды мыкты адам бол деп акыл айттым, азыр да ал кеңешимен кайтпайм, 11 жашыңда колума келип туура 10 жылдан кийин бөлүнүп учтуң, Азамат балам гана эс тартып билип калганы болбосо Каныкей менен Кадырлуум сенин дээрлик башка үй бүлөдөн экениңди, сенин ата энең башка экенин таптакыр билишпей чоңоюшту. Ошондуктан сен 21 жашыңда өз ата энеңдин өтүнүчү менен бизден бөлүнгөнүңдө, Кадырлуума түшүндүрүу абдан кыйын болду, ата, эми Аваз акем биздикине келбейби, мени сагынбайбы деп күнүгө эзип, куса болду сагынды, аруу балалык кыялына көп учурда анын ата энеси башка деп чындыкты айтып кыянаттык кылгым келбей жүрдү. Демек сени өз уулдарымдан кем көрбөпмүн, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бөпөлөдүм. Эми шумкарым чабыттап учканы турасың, турмуш сапарың байсалдуу болсун, мүдүрүлсөң чалынба, чалынсаң жыгылба, жыгылсаң эч кимге билдирбей ордуңдан туруп тизеңдин чаңын күбүп сапарың ула, маанилүү жумуштар менен мекенден алыс болуп, эртеңки тоюңда ак тилек айтып жаныңда боло албайм, апаң бир туугандарың болушат буйруса, турмуштун майда барат нерсесине көңүл бурбай, жамандын тикенектей уу сөздөрүнө сайылбай, дегеле жаман аттууга жанашпай, жакшыдан адашпай аман жүр алтыным, Апаң экөөбүз берген конверт белекти пайдаланып өзүңөр каалаган өлкөгө путевка алып, келечек жолуңарга жан азык болоор эргүү топтоп эс алып келгиле. Балам бул турмуш экөөбүзсүз да өтөт, өтүп келген эми да өтө берет, бирок балам ушул нерсени эч качан жүрөгүңдөн чыгарба, сен экөөбүз чыгармачылык жолдо ата балалык мамилени муздатууга кыпындай да акыбыз жок, себеби биз улуу өнөрдүн жолунда коргошундай эрип, кыттай куюлганыбызды кийинки муунга далил кылышыбыз керек, мен сени жакшы көрөм балам, ал эми сен жактырган, сен сүйгөн жарды өз кызымдай кабыл алам, куш бооң бекем болсун Авазбайым!!!», -деп жүрөк элжиреткен калоо-тилек баяндамасын жазды.

Эске салсак, Аваз Акимовду чыгармачылык чөйрөгө алып келген инсан дал ушул Сыймык Бейшекеев болот. Ал Аваз Акимовду өз үй-бүлөсүнө алып келип тарбия берип чоңойткон. Көпчүлүк тойдо «Аваз эмнеге Сыймыкты өкүл ата койгон жок?» деген суроолорду жаадырышкан эле, буга жооп кылып Акимов «Бейшекеев менин өз атам менен тең адам, мен аны өкүл атадан да жакын көрөм» деген жообун берген эле.

Булак: «Барометр»

Теги:
Количество просмотров: 31