• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун акыркы видеосу жарыяланды

11 Жетинин айы 2019 19:09 Бишкек Govori.TV

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун каза болгонго чейин тартылган видеосу деген аталыштагы тасма интернетке тарады.

https://www.facebook.com/100007617697726/videos/2383600131903887/

Эске салсак, төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун өмүрүн алган жол кырсыгы Кочкор-Балыкчы жолунда өткөн түнү болгон. Анда «Норд-Бенц» менен «Субару Импреза» үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. Нарын облустук милициясынан кабарлашкандай, баштапкы маалымат боюнча “Субару Импреза» жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Бул машинеде бараткан айдоочу жана үч жүргүнчү ошол жерден мүрт кетип, бир адам оор абалында Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Каза болгондордун арасында төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жана келинчеги бар.
Жол кырсыгы боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1087