Муниципалдык кызматкерлердин той-аштарга барганын көрүп-уксам, таарынбагыла! Бул тууралуу бүгүн,10-ноябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эпидемиологиялык кырдаал боюнча өткөн жыйын учурунда билдирди.
Балбак Түлөбаевдин айтымында, коронавирус көп учурда той-аштардан тарап жатат.
«Мамлекеттик кызматкерлердин той-аштарга баруусуна жакынкы күндөрү өкмөт тыюу салат. Ушул жерден муниципалитеттин кызматкерлерине да эскертип коёюн, кимде-ким болсо да той-аштан көрсөм таарынбагыла!», — деп билдирди мэрдин милдетин аткаруучу.
Түлөбаев ошондой эле элге кайрылып, той -аштарды токтотуп турууну суранды.