• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Түндүк” бажы бекетинин жетекчисинин орун басары кармалды

4 Бештин айы 2018 13:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.12.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” бажы бекетинин жетекчисинин орун басары Элнура Мамбетжунушева кармалды. Ал учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганын милиция өкүлдөрү билдиришти.
Мамбетжунушеваны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кармаганы кабарланууда. Аны менен кошо Мамлекеттик бажы кызматынын статистика бөлүмүнүн башчысы кармалганы айтылып жатат. Аталган кызмат алардын кармалышы тууралуу маалымат жок экенин билдирүүдө. Азырынча Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүн кармоого эмне негиз болгону айтыла элек. Мекеменин өзүнөн жооп алуу мүмкүн болгон жок.
2017-2018-жылдары бажыдагы коррупция боюнча 15 кылмыш иши козголгон, мамлекет тарткан зыян 450 миллион сомго жеткени эсептелген. 2012-жылдан бери 100дөй кызматкерге айып коюлган, алардын жетөө ушул тармактын ардагерлери.
Булак: Азаттык
Количество просмотров: 34