• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Төрөт үйүндө жаңы көз жарган 21 жаштагы келин асынып алды

11 Кулжа 2020 9:13 Бишкек Govori.TV

2-июнь күнү Анжиян облустук төрөт үйүндө көз жарган 21 жаштагы келин 7-июнда имараттын жертөлөсүндө асынып алган жеринен табылды.

Дарыгерлердин айтымында, келин менен бир палатада жаткан аялдар акыркы күндөрү анын психикасы өзгөргөнүн байкашкан.

«Аны эч ким таарынткан эмес, наристе дени сак төрөлгөн. Күйөөсү экөө тең абдан сүйүнүп жатышкан. Келин менен бир палатада жаткан аялдар акыркы күндөрү анын психикалык абалы өзгөрүп кеткенин билдиришти. Алардын айтымында, ал узак убакыт бир чекитти тиктеп отуруп калчу. Анын эмнеге мындай кадамга барганын түшүнбөй турабыз», — деди төрөткананын дарыгери.

Маркумдун туугандары менен коңшулары төрөткө чейин келиндин психикалык абалы жакшы болгонун билдиришүүдө.

Жергиликтүү гинеколог Гульбахор Сабирова жаш энелердин арасында төрөттөн кийин бук болуу көп эле кездешерин айтты.

«Анжияндагы төрөт үйдө болгон окуя боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок «төрөттөн кийин бук болуу» жаңы көз жарган келиндердин арасында көп эле кездешет. Аялдар төрөттөн кийин эки-үч күндөн кийин психологиялык жана эмоционалдык өзгөрүүлөргө кабылышат. Алар дал ушул күндөрү туруктуу көзөмөлдө болушу керек», — деди Сабирова.

Облустук прокуратура төрөт үйүндөгү келиндин өлүмү фактысы боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 3031