• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылдырылды

14 Бугу 202012:46 Бишкек Govori.TV

Түркиядагы IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу АКИpress басылмасына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкен.

Спорттук иш-чаранын токтотулушуна дүйнө жүзүн каптаган коронавирус пандемиясы себеп болгон.

Белгилей кетсек, чейин IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын күз мезгилинде Түркиянын Бурса шаарында өтө турганы маалымдалган.

Количество просмотров: 87