• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Төрт өлкөнүн лидерлери Асадды жоопкерчиликке тартууну талап кылышты

16 Жалган куран 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Сириядагы ички жаңжал өрчүп, бир нече мамлекеттердин жана ар кыл диний топтордун катышуусундагы жарандык согушка айланганына тогуз жыл болду.

Жекшемби, 15-мартта Германия, Франция, АКШ жана Британия Сирия боюнча биргелешкен кайрылуу жасады. Кайрылууда “Асаддын өкмөтү бардык ырайымсыздыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек” экени айтылган. Документте сириялык режимдин Орусия жана Ирандын колдоосу менен ишке ашырып жаткан чабуулдары калкты кайгыга салып, мурун болуп көрбөгөндөй гуманитардык каатчылыкка кептей турганы белгиленген.

Германия, Франция, АКШ жана Британия Сирия жетекчилигин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясын аткарууга чакырды. Резолюция жалпы улуттук элдешүү жараянын жарыялоону, конституциялык реформаларды жүргүзүүнү, ыксыз кармалган кишилерди бошотууну жана эркин шайлоолорду өткөрүүнү талап кылат.

Донор өлкөлөр саясий жараяндардын башталганына ишеним жаралган соң гана Сирияга гумантардык колдоо көрсөтүү маселесин карай турганын билдиришүүдө.

Төрт державанын билдирүүсүндө бийлик үчүн болгон күрөштүн кесепетинен 11 миллион киши – Сирия калкынын дээрлик жарымы өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгону, жарым миллиондон ашык адам өлгөнү айтылат.

Сирияда 2011-жылы “Араб жазынын” шарданы менен башталган өкмөткө каршы нааразылык жапырт башаламандыкка алып келген. Ошол эле жылы жайында калктын толкуну касташкан топтордун куралдуу жаңжалына айланган. Оппозиция Башар Асаддын отставкасын жана Сирияда демократияны орнотууну талап кылган.

Количество просмотров: 311