• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түштүк Кореяда 7 миңден ашык адам коронавирус жуктурду

9 Жалган куран 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

Түштүк Кореяда бир сутка ичинде коронавирустун COVID-2019 түрүн 248 адам жуктурганы катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда эпидемиологиялык абал жогорку деңгээлге көтөрүлүп, илдетти жалпысынан 7 миң 382 адам жуктуруп, 51 жаран көз жумган.

KCDC уюмунун маалыматында, дүйшөмбүгө караган түндө ооруну жуктурган жаңы 90 учур Тэгу шаарында катталган. Кёнсан-Пукто провинциясында 26 учур жана калганы башка жерлерде байкалган. Ооруканадан 166 адам чыгарылган. 17 миң 458 адамдын анализдери чыга элек.

Количество просмотров: 262