Бүгүн, 6-мартта борбор калаада 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Бейиш – эненин таманынын алдында” аттуу иш чара өтүп жатат. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген ардагер айымдар, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмер айымдар катышууда.
Иш-чаранын уюштуруучусу Дана Абдыбекованын айтымында, маданий саамалык быйыл 4-ирет уюштурулуп жатат.
«Улуттук кийим — ар бир элдин өзгөчөлүгүн билдирген кылымдан кылымга, атадан балага өтө турган, тарыхтын, маданияттын бөлүгү. Ошундуктан бүгүнкү иш-чара этно стилде өтүп жатат. Атайы жети дубандан кайраты күчтүү, коомубуздун бардык тармактарында үзүрлүү иштеп, пандемия маалында талыкпай эмгектенген дарыгерлер дагы чакырылды»,-деди Абдыбекова.
Айымдарга өнөрпоздор ыр арнашып, көркөм наар тартуулашты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече айымдарга Ардак грамоталар, баалуу белектерин тапшырылды.
Маданий долбоорго 200дөн ашуун энелер катышып, сый дасторкон жайылды.