• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Талас мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

10 Үчтүн айы 2023 17:10 Бишкек Govori.TV

Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январда КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталды.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, акчалай сыйлыктар үчүн муниципалдык жер тилкелерин айрым жеке ишкердик жүргүзгөн субъекттерге “жер тилкелери үчүн ижара акысын тарифтештирүүнү мыйзамсыз жана өз алдынча аныктоо жолу менен башкача айтканда, ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү бир сыйакы алып, муну менен жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиршип” жана түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй коюу түрүндө мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. кармалды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандарга карата баш коргоо чарасын тандоо каралууда.

Количество просмотров: 288