• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Таласта 19 жаштагы өспүрүм кайырмактын жибине асынып каза болду

4 Бирдин айы 201911:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV

Талас шаарында 19 жаштагы бала кайырмактын жибине асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сөөктү жолдон өтүп бара жаткан киши байкап калып «102» кызматына кабарлаган.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Баланын денесинде күч колдонгон издер болгон.

Количество просмотров: 58