• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тарых музейинин айланасына орнотулган тосмолор боюнча министрлик түшүндүрмө берди

21 Аяк оона 2020 13:28 Бишкек Govori.TV


Социалдык тармактарда Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Тарых музейинин айланасы тосулуп калгандагы сүрөттөр жарыяланууда. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги түшүндүрмө берип, тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн коюлганын айтты.

Министрликтин маалыматы боюнча, тосмону коюу 2018-жылы музейди реконструкциялоонун 1-этабынын алкагында каралган. Металл тосмонун бийиктиги 3 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, тарых музейинин ачылышы 2019-жылдын алгачкы айларына пландалган, бирок оңдоп-түзөө иштеринде миллиондогон акчалар желди делип, кылмыш иши ачылып, музейди ачуу иши создугуп келет.

Количество просмотров: 58