• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташиев: Орхан Инандыга Кыргызстандан чыгып кетүүнү сунуштаганбыз

8 Теке 2021 16:00 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга өлкөдөн ыгып кетүүнү сунуштаганбыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-июлда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны 2015-жылдан бери бир нече жолу уурдоого аракет кылышкан.

«2019-жылы 7-декабрда Кыргызстанда жашаган башка өлкөнүн жаранын уурдоо аракети боюнча кылмыш иши козголгон. Биз ыкчам издөө иштеринин натыйжасында уурдоого аракет кылышкан жаран Орхан Инанды экенин аныктадык. Ал быйыл февраль айында 3 күнгө жоголгон, биз аны таап, коргоп, кайтарганбыз. Муну Инандынын жубайы да билет. Ошондо Орхан Инанды менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Биз ага этият болуп, жансакчы менен жүрүүсүн эскерткенбиз. Ал биз менен кызматташып жүрдү, шектүү жагдайлар болгондо кабарлап турду, бирок ал фактылар такталган эмес. Мындан тышкары, Орхан Инандыга жана башка кээ бир жарандарга өздөрүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетишин да сунуштаганбыз»,-деди ал.

Ошондой эле Ташиев Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугун коргоого милдеттүү экенин, бирок 6 млн калктын ар бирине бирден жансакчы берүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Количество просмотров: 364