• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ташиев: Жаңы футбол стадиону эки жылдын ичинде курулуп бүтөт

19 Бирдин айы 2024 14:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы футбол стадиону эки жылдын ичинде курулуп бүтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун жаңы президенти Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев белгилегендей, президент Садыр Жапаров анын бул долбоорду жеке көзөмөлүнө алуусун тапшырган.

“Стадиондун курулуш иштерин жакынкы 10-15 күндүн ичинде баштоону пландап жатабыз. Биз стадионду эки жылда курабыз деген ойдобуз. Долбоор менин жеке көзөмөлүмдө”, — деди Ташиев.

Стадиондун жалпы сыйымдуулугу 40 миң орунду түзөт. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров былтыр 30-августта Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салган.

Количество просмотров: 190