• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташкентте 1000 орунду COVID-борбор ачылды

24 Аяк оона 2020 9:42 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаарынын Үчтепе районунда коронавируска шектелген бейтаптарды кабыл алуу жана бөлүштүрүү борбору ачылды.

Ташкент администрациясы 23-сентябрь күнү кечинде жарыялаган видеороликте Үчтепе районунун акиминин орун басары Бобур Мирзаев борбор “берешен ишкерлер жана демөөрчүлөрдүн” жардамы менен ачылганын айтты.

Миң кишиге ылайыкташтырылган борбор биринчи иш күнүндө 50дөн ашуун бейтапты кабыл алды.

“Ушул тапта борбордо 72 киши иштеп жатат, алардын ичинен 60 кызматкер — дарыгерлер жана медайымдар, калганы — ыктыярчылар”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташкентте «Узэкспоборбордо» 1000, “Жаштык” спорткомплексинде 520 жана Гимнастика сарайында 750 орунду борборлор ачылган.

Количество просмотров: 36