• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташкентте бир күндө ИВЛ аппаратына туташтырылган төрт бейтап өлгөнү аныкталды

4 Аяк оона 2020 13:16 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусунун Бекабад шаарындагы ооруканада коронавирустан улам өпкөнү жасалма желдетүүчү аппаратка туташтырылган төрт бейтап бир күндө көз жумган.

Маркумдардын туугандарынын айтымында, окуя 25-августта болгон.

Маалыматка караганда, 25-августта туура эмес орнотулган цилиндрден улам ИВЛ аппараты жарылган. Жарылуудан дем алдыруучу системага кислород барбай калган. Натыйжада оор абалда жаткан төрт бейтап көз жумган.

«Окуя болордон бир күн мурун башкы дарыгер эжемдин абалы туруктуу экенин айткан. Кийинки күнү ал бизге чалып, жаман кабар бар экенин, кислород баллону жарылганын айтты. Баллондор туура эмес толтурулган экен. Натыйжада 63 жаштагы эжем кайтыш болду. Дагы жашы 60тан жогору үч аял өлдү”, — деди маркумдардын туугандарынын бири.

Бекабад шаардык прокуратурасы ооруканадагы бейтаптардын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатканын гана билдирип, башка маалымат берген жок.

«Узметкомбинатка» тиешелүү оорукана апрелде коронавирус менен ооругандарды кабыл ала баштаган. Ооруканада Орусиядан келген жасалма деп алдыруучу жабдуулар орнотулган.

Количество просмотров: 31