Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылуу туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
«8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшү коомдо кызуу талкуу жаратты. Негизинен ал жерде укук коргоо органдары өзүнүн жумушун аткарды. Ал эми бет кап кийген балдардын аял кишилерге жасаган мамилеси дагы одоно. Ошондуктан укук коргоо органдары аялдарга күч колдонгондорду жоопко тартуу керек. Ошол эле учурда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылуу туура эмес»,-деди Икрамов.