• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Тажикстанда бир күндө коронавирустан 6 киши көз жумду

15 Бугу 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда соңку суткада коронавирус инфекциясын 106 киши жуктуруп алды, алты киши кайтыш болду. Өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги 14-майга карата жалпысынан 907 киши вирус жуктурганын, 29 адам өлгөнүн билдирди.

Бул арада көптөгөн жарандар расмий статистикага ишенген жок. СOVID-19 жана пневмониядан өлгөндөрдүн альтернативдүү тизмесинде 200дөн ашуун адамдын аты-жөнү камтылган. Соцтармактардын колдонуучулары күн сайын жакындарынын, досторунун, тааныштарынын өлгөнү тууралуу кабарлашууда.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги 14-майда 4299 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, акыркы суткада 403 киши ооруканадан чыгарылганын кабарлады. Бирок бул кишилерге кандай диагноз коюлганы айтылган жок.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталганын 30-апрелде гана мойнуна алган.

Количество просмотров: 92