• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Текебаев: Балдарымдын партиянын активисти болушу – саясатка катышуу эмес

17 Бирдин айы 2020 13:03 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 16-февралда Талас шаарында “Ата Мекен” партиясынын Талас облустук конференциясы болуп өттү. Ага башкы “атамекенчи” Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева барып катышып, сөз сүйлөдү. Бул окуядан соң коомчулукта “Текебаевдин кызы саясатка аттандыбы?” деген суроолор туулуп, ар кандай пикирлер айтыла баштады. Бул тууралуу Текебаевдин өзүнүн оюн уктук.

— Өмүрбек Чиркешович, кызыңыз Ай-Данэктин Таласка барып, партиялык конференцияда сөз сүйлөгөнүн анын чоң саясатка аттанышы катары түшүнсөк болобу?

— Региондордо партиялык конференциялар болуп жатат. Тилекке каршы, мен Бишкектен чыга албайм. Ошондуктан, ал конференцияларга катыша албадым. Жалал-Абаддык облустук конференцияларга видео кайрылуу жибердик. Нарынга Асия Сасыкбаева менен Наталья Никитенко менин атымдан партия мүчөлөрүнө салам айтышты. Ал эми Таласка видео кайрылуу жасаган жокмун. Анткени, аны көргөзүүгө баардык жерде эле техникалык мүмкүнчүлүктөр болбойт экен. Таласка Ай-Данек партиялаштарга менин атымдан салам айтып, ыраазычылык билдириш үчүн барды.

— Бул Ай-Данэктин биринчи жолу эл алдына чыгышыбы?

— Ооба, бул Ай-Данэктин биринчи жолу эл алдына, болгондо да регионго барып, эл алдына чыгып сүйлөшү. Абдан таасирленип келди. Анткени, өз алдынча түздөн-түз эл менен сүйлөшүп, алардын каалоолорун, тилектерин уккан аны толкундантты.

— Сиз жооп берген жоксуз. Ай-Данэк саясатка аттанып атабы?

— Биздин үйдө эреже бар. Бир үйдөн бир убакта бир эле саясатчы болгону оң. Кызым башка балдарым сыяктуу эле партиянын мүчөсү. Жаштар канатынын активисти. Мен партия лидери болсом, үй-бүлөмдүн, балдарымдын партия лидери катары мени колдоосу табигый көрүнүш. Эгер, тескерисинче болуп, алар партияга кирбей, же башка партияга мүчө болуп кире турган болсо, бул нерсе үй-бүлөнүн ынтымагына залака келтире турган трагедиялык көрүнүш болмок. Ошондуктан, менин үй-бүлө мүчөлөрүмдүн, балдарымдын партиянын активисти болушу – саясатка катышуу эмес, биздин үй-бүлөнүн жашоо образы, үй-бүлөлүк баалуулук катары караганыбыз туура болот эле.

Булак: Aryba.kg

Количество просмотров: 325