• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев: Кыргыз жаранын чет өлкөгө уурдап кетүү мамлекеттин суверендүүлүгүнө шек келтирет

6 Теке 2021 12:09 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Текебаев кыргыз жараны Орхан Инандынын түрк атайын кызматы тарабынан уурдалышы тууралуу пикирин билдирди.

Текебаевдин айтымында, кыргыз жараны Орхан Инандынын уурдалышы мамлекеттин суверендүүлүгүнө кол салууга барабар.

«5-июль күнү Түрк өкмөтүнүн жыйынында Түрк президенти Реджеп Эрдоган «Түрк чалгындоо кызматтарынын атайын ийгиликтүү операциясынын жыйынтыгы менен Орхан Инанды Түркиянын территориясына алып келинди» деп жарыялады. Орхан Инанды Кыргызстандын жараны. Ал Кыргызстандын Билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, биздин мекендешибиз. “Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын жарандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек. Ошондуктан, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек”, — деп жазды ал.

Количество просмотров: 1411