• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев: Кыргызстанды эки дос талашып башкарып жатат

27 Баш оона 2021 23:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү эки дос Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатат. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев партия өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирген.

Анын айтымында, өлкө 3 жылдан бери саясий кризисте.

«3 жылдан бери өлкө саясий кризисте. Анын башталышы Атамбаев менен Жээнбеков өңдүү эки достун мамлекетти кезек менен башкарабыз дегенинен келип чыккан.  Ал эми бүгүнкү эки дос Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатат. Мындай башкаруунун ыкмасы өлкөнү кризиске салганы турат. Ким аны айтып жатат? Ушакпы же саясий спекуляциябы? Жок, бул тарыхый фактор менен социологиялык иликтөөлөргө негизделген тыянак»,-дейт Текебаев.

Текебаев ошондой эле “Ата Мекен” күзүндө өтө турган шайлоого катыша турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 5145