• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Текебаев Темир Сариевдин камалышы боюнча эми гана үн катты

18 Баш оона 2021 17:51 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Текебаев мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин камалышы боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, Сариевди сотко чейин шашылып камоонун кереги жок болчу.

«Эң негизгиси адилеттүүлүк принципти карманып, Темир Сариевдин камакта отурушу жөнүндө оюмду айтууну өзүмдүн парзым деп эсептейм. Мен түрмөдө отуруп, Кылмыш-жаза кодексинин негизги принциптерин жакшы өздөштүрдүм. Сот, прокурор, абактагылар адамдын ким экенине жараша мамиле кылат. Сариев көрүнүктүү коомдук ишмер. «Жигитти намыс, коенду камыш өлтүрөт» дегендей анын намысты бийик тута турган статусу бар. Сариев шектелип жаткан кылмыш 2012-жылкы болгондуктан далилдерди жок кылуу мүмкүн эмес. Анткени баары документтештирилген жана коомдук мейкиндикте ачык айтылган. Жокко чыгарып же бурмалоо болбойт. Ошентип Темир Сариевдин өздүгүн эске алуу менен сотко чейин шашылып камоонун кереги жок болчу. Эгер күнөөсү болуп, сотто далилденсе анда жооп берет. Сот кандай чечим чыгарып, кандай жазага тартса ошону тосуп алышы керек. Жакында Сариевдин баш коргоо чарасы каралат. Сот жогорудагы жагдайларды эске алышы зарыл»,-деди Текебаев.

Эске салсак, 3-август күнү мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалган. УКМК Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин ишинен экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелүүдө. Темир Сариев Биринчи май райондук сотунун 4-августтагы чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Количество просмотров: 3013