• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев өзүнө каршы көрсөтмө берген Алексей Модинди жоопко тартууну талап кылды

12 Аяк оона 2019 14:40 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май район бөлүмүнө арыз жазып, соттук иште өзүнө каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкер Алексей Модинди билип туруп жалган айткандыгы үчүн жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаттарынын бири Чынара Жакупбекова билдирди.

Адвокат факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган.

Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 142