• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаев: Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетиши керек

12 Үчтүн айы 2021 14:41 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетиши керек. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев 24.kg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

«Азыркы конституцияга ылайык, президент премьер-министрдин милдетин алып кете албайт. Демек, Садыр Жапаров өкмөт башчылыгынан расмий түрдө кетиши керек»,-деп билдирген ал.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Рысалиев Садыр Жапаров инаугурациядан кийин расмий түрдө премьер-министрлик ыйгарым укуктарынан баш тарта турганын билдирген болчу.

Количество просмотров: 2357