• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Темирлан Султанбеков вице-мэрге кеңешчи болду

26 Жетинин айы 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

«Социал демократтар» партиясынын төрагасынын орун басары Темирлан Султанбеков Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге кеңешчи болду. Бул тууралуу вице-мэр социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

«Темирлан Султанбеков иним келди. Мага кеңешчи болуп, экөөбүз чогуу иштемей болдук. Шаарыбыз үчүн жакшы иштерди жасайлы деп, пландарды түздүк. Буюрса, жакшы иштерге күбө болосуздар. Карапайым элдин жашоо турмушуна аралашып эле тим болбостон, элдин көйгөйүн чечүү жолдорун табалы дедик. Алган билимибиз менен топтоп жаткан тажрыйбаларыбыз элибиз үчүн болсо деген ак тилегибиз бар. Калктын казынасына кол салбай иштесе болоорун далилдеп беребиз. Элдин бизге болгон ишеничин актайбыз. Адамдык абийирибизди сактайбыз. Асмандагы айды алып беребиз деп убада бербейбиз. Бирок ар бир адамдын жүрөгүнө чындык болуп киребиз», — деп жазган Ырсалиев.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы азырынча расмий маалымат тарата элек.

Количество просмотров: 538