• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ТИМ: Дүйнөнүн 58ден ашык өлкөсүнөн мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар бар

29 Чын куран 2020 13:38 Бишкек Govori.TV

Дүйнөнүн 58ден ашык өлкөсүнөн мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Дубайдан чартердик каттамды уюштуруу иштери жүрүүдө. Ал белгилегендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны арбын.

«Европа, Азия, Түндүк Америка жана Африканын 58 өлкөсүндөгү мекендештерибиз Кыргызстанга келүүнү каалап жатат. Биз алар жана ал өлкөлөрдөгү элчилик жана консулдуктар менен байланышта болуп жатабыз», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда кыргызстандык жарандарды мекенге алып келүү оңой болбой жатат. Себеби бардык нерсе бир гана Кыргызстан тараптан көз каранды эмес.

«Учурда дүйнөдө түзүлгөн кырдаал, чек аралардын жабылышы бул ишти кыйындатып жатат. Биздин мекендештерди түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Пандемия – убактылуу көрүнүш жана абал турукташып, бардык каттамдар кайра жанданганда алар Кыргызстанга оңой келе алышат. Аларга сабырдуу болуп, изоляция эрежелерин аткарууга, аларды жашаган жеринде болуп турууга чакырам», — деди ал.

Количество просмотров: 45