• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Той-аштагы ысырапкорчулукту мыйзам кантип ооздуктайт? Депутаттын жообу

24 Бирдин айы 2022 16:51 Бишкек Govori.TV

Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору даярдалды. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов билдирди.

«28-февралда «Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрөт. Мыйзам биринчи окууда кабыл алынган. Кошумча сунуштарды угуу менен экинчи окууга алып чыгыбыз. Той-аш өткөрүүдөгү эрежелер камтылган мыйзам долбооруна ылайык, үйлөнүү тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейин. Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын санына чектөө жок, бирок бодо мал союлбайт»,-деди Ормонов.

Количество просмотров: 575