• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токмокто улут аралык кастыкты козутууга аракет кылган жарандар аныкталды

15 Бугу 2022 20:18 Бишкек Govori.TV

Токмокто улут аралык кастыкты козутууга аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу тартип коргоо органдарынан кабарлашты. Маалыматка караганда, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кечирим сурап, мыйзамга каршы келген аракеттерге барып, чакырык жасашканын моюнуна алышкан.

Буга чейин Чүй милициясы тогуз жыл мурда жасалган кылмыштын бети ачылганын кабарлаган. Ысык-Атада 2013-жылы эки киши өлтүрүлүп, талаага жашыруун көмүлгөнү боюнча жергиликтүү эки тургун кармалганын милиция 11-майда кабарлаган.

Милиция ушул маалымат чыккандан кийин WhatsApp аркылуу кастыкты козуткан аудио билдирүүлөр тарап жатканы, мындай чагымга алдырбоо керектигин билдирген. Чүй милициясы тогуз жыл мурдагы кылмышка шектүүлөр кармалган окуянын тегерегинде улут аралык кастыкты козутууга аракет кылгандар кылмыш жообуна тартыларын маалымдады.

Количество просмотров: 141