• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Трамп Зеленскийге телефон чалды

26 Теке 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Трамп Зеленскийди парламенттик шайлоонун жана “Эл кызматчысы” партиясынын жеңиши менен куттуктады.Эки тарап мындан тышкары АКШ менен Украинанын энергетикалык жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Владимир Зеленский Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго бара турганын кабарлаган эле.

Количество просмотров: 11