Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамы Өмүрбек Суваналиевди чыгарып коюшту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн Суваналиевдин катышуусунда жыйын өткөн. Анда кайрылуу жасалып, күч структуралары саясаттан тыш болушу керектиги белгиленген.
«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамы, жетекчилиги жана ардагерлери УКМК имаратынан Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиевди чыгарып коюшту»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле учурда УКМК штаттык режимде иштеп жатканы, имаратты коргоого жана өлкөдө тартипти орнотууга күч жана каражат жетиштүү экени кошумчаланды.
Эске салсак, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, Ак үйдү алышкан. Натыйжада Маморгандардын жетексилери алмашып, УКМКга Өмүрбек Суваналиевдин барганы кабарланган эле.