• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат». Тажик өкмөтү «Клооптун» Лейлекте тартылган сүрөтүн чыгымдары тууралуу маалыматында колдонду

6 Бугу 2021 9:49 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети 3-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийинки келтирилген зыян тууралуу маалымат жарыялады.

Анда жаңжалда Согди облусунун Исфара шаарынын Сурх, Воруз, Чорку жамаатында жана Бобожон Гофуров районунун Овчикалъача айылында жалпы 14 турак үй өрттөнгөнү жазылган. Ал эми үч үй жарым-жартылай бузулганы айтылат.

Ошол эле учурда Тажикстандын ӨККсы сайтында жарыялаган пресс-релизге Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында тартылган сүрөт тиркелген — бул сүрөттү «Клооптун» оператору Хамидулло Узаков 2-майда тарткан.

Сүрөттөгү өрттөлгөн турак жай Максат айылынын Назимбай аттуу тургунуна таандык. Үй 30-апрелге караган түнү тажик аскерлери айылга бастырып киргенде өрттөлгөн.

Булак: Клооп.

Количество просмотров: 417