Эстрада ырчысы Анжелика Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдарынан ажыратуу демилгеси тууралуу жеке пикирин социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.
Анын айтымында, Кайрат Примбердиев аталган долбоорго конок катары барып аргасыз кошулуп калган.
Ошондой эле ырчы Маданият министрлигинин сыйлыктарынын эч кандай баа-баркы жок экенин айтып, ага берилген төш белгини кайтарууга даяр экенин билдирген.