• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ысык-Көл эл аралык марафону кийинки жылга жылдырылды 

20 Теке 202015:29 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 5-сентябрында өтө турчу тогузунчу «Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл эл аралык марафону 2021-жылга жылдырылды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, марафондун датасы алдын ала жарыяланат.

«Быйыл катталуу үчүн мүчөлүк акы төлөгөндөр автоматтык түрдө 2021-жылы өтө турган иш-чаранын катышуучусу болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чараны ушул жылдын 5-сентябрында өткөрүү пландалган болчу.

Количество просмотров: 90