• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат

20 Жалган куран 2020 16:38 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

“Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек”, — деп билдирди Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев.


Ысык-Көл дубанында 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Количество просмотров: 117