• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Ысык-Көлдөгү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси дайындалды

10 Үчтүн айы 202015:55 Бишкек Govori.TV

Исаев Таалай Мелисович Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл облусундагы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-январда аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дайындоо өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аталган облустагы башкармалыгынын жамаатынын сунушу менен болду.

Исаев Талайбек Каракол шаарында төрөлгөн. 12 жыл Ысык-Көлдөгү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда иштеген.

Буга чейин аталган кызматка дайындалган Камчыбек уулу Курбанбек өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын кетишине Ысык-Көлдүн коомчулугунун нааразычылыгы себеп болгон.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, Камчыбек уулу Курбанбек бул кызматта 10 күн гана иштеди. Ал 8-январда коомчулукка тааныштырылып, анын жетекчи болушуна каршы болгондор болгон. Мындан улам К.Камчыбек уулу ишин өткөрүп берген.

Количество просмотров: 223