• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлгө 30 кычкылтек концентраты жана жеке коргонуучу каражаттар берилди

20 Теке 2020 12:03 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна 30 кычкылтек концентратору менен бирге 80 пульсоксиметр, 200 респиратор беткап жана 4 миң коргонуучу костюмдар келген, алар региондор боюнча бөлүштүрүлдү.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдиргендей, бүгүнкү күндө облуста 539 кычкылтек концентратору бар.

“Акыркы жума ичинде региондордогу медмекемелерге 320 кычкылтек концентратору түшкөн, анын ичинен 80 Өкмөт тарабынан, 23 жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 214 ишкерлер жана кайдыгер эмес жарандар тарабынан берилген. Кыйын абалдан биз медиктерди биринчи кезекте колдоп, биргелешкен аракеттер менен гана чыга алабыз”, — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 107