• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Өзбекстанда ыңгайсыз деп сындалган автобустарды Кыргызстан эмнеге сатып алган?

1 Жалган куран 2023 14:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын өткөрүп, Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди. Анда журналситтер тарабынан «Өзбекстанда ыңгайсыз деп сындалган автобустарды Кыргызстан эмне үчүн сатып алган?» деген суроо узатылды.

«Өзбекстандан чыккан Isuzu автобусу жеке компания. Транспорт маселеси чечилбей, автобустар жетпей жаткан учурда тендер менен алынган. Быйыл 1500 автобус келсе андай маршруттар биздин калаада каттабайт»,-деди мэр.

Белгилей кетсек, 2021-жылы эки тараптуу макулдашуу менен Өзбекстанда чыгарылган Isuzu автобустарынын 350 даанасы Бишкекке алып келинип, каттамга коюлган. Кийинчерээк социалдык желеде бул автобустар ыңгайсыз экени тууралуу пикирлер жазылган. Жапониялык маркадагы аталган автобус газ менен жүрөт. Аны Самарканддагы «СамАвто» ишканасы чыгарат.

«Газета.uz» басылмасы белгилегендей, Өзбекстанда 2017-жылы декабрда кол коюлган токтомго ылайык, 2018-жылдын март айынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкталбаган коомдук транспортторду сатып алууга тыюу салынган.

Кийин президент Шавкат Мирзиёевдин сынынан кийин Ташкент 2018-жылы тыюу салынган 100 автобус сатып алган.

Теги:
Количество просмотров: 4356