• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзгөчө абал: Бишкекте уруксат кагаздары электрондук форматта бериле баштайт

30 Жалган куран 2020 9:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-мартта эртең мененки онлайн брифингде ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев акыркы суткадагы абал боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, тиешелүү буйругунун негизинде шаарда жүрүү үчүн уруксат кагазы (пропуск) Бишкектин Биринчи май, Ленин, Октябрь жана Свердлов РИИБде берилип жатат. Ошондой эле бүгүнтөн тарта уруксат кагаздары электрондук форматта бериле баштайт. Бул кадамдын башкы максаты — коопсуздукту сактоо жана жарандарга шарт түзүп берүү. Эми жарандар уруксат кагазын үйүндө отуруп эле алса болот.

Мындан тышкары ал 1312 кыска ыкчам номуру иштеп баштаганын кошумчалады. Бул номур аркылуу бардык суроолорго жооп алууга болот, чалуу акысыз.

Количество просмотров: 170