• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жакшы кабар! Сутка ичинде 653 адам коронавирустан айыкты

3 Баш оона 202011:28 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө дагы 653 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 167 киши, Ош шаарында – 29, Чүй облусунда – 201, Ош облусунда – 77, Талас облусунда – 42, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 69, Жалал-Абад облусунда – 40, Баткен облусунда 21 бейтап коронавирустан айыкты»,-деди Акматова.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 27 миң 927ге жетти.

Количество просмотров: 140