• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жактоочу Айткуловго козголгон кылмыш иш сотко өттү

16 Аяк оона 201917:29 Бишкек Govori.TV

Жактоочу Икрамидин Айткуловго козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Тергөө кызматы Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча жүргүзгөн сотко чейинки өндүрүш иштин алкагындагы тергөө аяктап, кылмыш иштин материалдары сотко өткөрүлдү. Калган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш иш уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Айткулов 22-августта кармалып, сурак бергенден кийин Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 23-августта жактоочу Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына алынган болчу.

Количество просмотров: 81