• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жактоочу: Башкы прокуратура Текебаевди сотко мажбурлап алып келүүнү суранды

3 Баш оона 2020 17:46 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура «Ата Мекен» партиясынын лидери, үйдөн чыгууга дарыгер убактылуу тыюу салган Өмүрбек Текебаевди сотко мажбурлап алып келүүнү өтүндү. Бул тууралуу жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда пневмония оорусунан кийин 14 күн үйүндө болуп, сотко катыша албаган Текебаевдин маселеси талкууланганын. Анда Башкы прокуратуранын өкүлү Текебаевдин өзүн мажбурлап алып келүүнү, кийинки отурумду эртеңки күнгө дайындоону соттон суранган.

«Мисалы ушундай эле диагноз коюлган башка соттолуучулардын ишин кароодо прокуратура дарыгердин айтканына макул болуп жатат. Текебаевге келгенде ушундай эле 14 күн үйдө болсун деген сунуш, бирок Башкы прокуратуранын кызматкери жок, ал үйүндө отурбашы керек. Эртең эле чыксын»,-деп жатат деди Токтакунова.

Ошондой эле жактоочу 14 күндүк мөөнөт 10-августта аяктай турганын, ага чейин Текебаевди сотко алып келүү залдагы башка жарандардын ден- соолугуна кооптуу экенин айтканын белгиледи. Натыйжада кийинки отурумга 5-августка жылдырылган.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 4955