2027 аскер бөлүгүнүн мөөнөтүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери өзүн асып өз өмүрүн кыйган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмүнөн кабарлашты.
Белгилүү болгондой, окуя 2020-жылдын 30-августунда болгон. Учурда окуянын кандай орун алгандыгы боюнча такталууда жана кызматтык иликтөө иштери башталган.
«Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп баштады», — деп айтылат маалыматта.