• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Митингчилер кытайлар иштеген ишканага барышты

16 Үчтүн айы 2019 16:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жарандык активисттер менен биргеликте Чүй областындагы чет мамлекеттердин жарандары иштеген эки ишканага барып келди.

Делегация Кара-Балта шаарындагы “Джунда” нефтини кайра иштетүүчү заводуна барды.

Заводдун аткаруучу директору Алтынбек Садырбаевдин сөзүнө таянсак, бүгүнкү күндө, “Джунда” НКЗ 100дей адам эмгектенет, алардын 300ү Кытай Эл Республикасынын жараны, 600дөй адам кыргызстандыктар.

Ишкананын аткаруучу директору Алтынбек Садырбаев кытайлык жарандардын иштегенге уруксат кагаздары, визалары жана паспорттору бар экенин айткан.

Аманбол Бабакуловдун жана Кубанычбек Дүйшеев (“Кырк чоро” коомдук кыймылы) атынан келген жарандык актвисттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын ишканада иштеген КЭРдин жарандарынын паспортторун жана визаларын текшерүүсүнө катышты.

А. Бабакуловдун сөзү боюнча активисттер заводдо эреже бузуулардын жок экендигине ынынышты. “КЭРдин бардык жарандары легалдуу иштей экен. Биздин мыйзамдарды бузган фактылардын жок экендигин көрдүк»,-дейт ал.

Эске салсак, Бишкекте 7-январда Кыргызстандагы мыйзамсыз кытай мигранттарына каршы митинг болуп, ага 300дөй адам катышкан. Протест кылуу акциясында 2 талап болгон, биринчиси – чет өлкөлүктөргө Кыргыз Республикасынын жарандыгшын берүүгө тыюу салуу. Экинчиси – легалсыздарды депортациялоо”, — деп айтты ал.

Количество просмотров: 28